Рассказываем о финансовых продуктах и услугах, которые делают пребывание в России комфортным
Эгер сиз Россияда мыйзамдуу иштесеңиз, анда сиз оңой эле россиялык банктын эмгек акы клиенти боло аласыз. Чет элдик кызматкер кантип эмгек акы клиенти статусун ала аларын жана бул кандай артыкчылыктарды берерин айтып беребиз.
Аманаттар боюнча киреше түрдүү факторлорго: валютага, ага аманат ачылган мѳѳнѳтүнѳ, жайгашкан суммасына, чыгарып алуу мүмкүнчүлүгүнѳ жана каражатты кайра салып толтурганына, пайыздарды капитализациялаганга жараша болот. Аманатты жапкан дата канчалык кеч, анын суммасы канчалык чоң болсо жана сиз аманаттагы акчалардан канчалык аз колдоно алсаңыз, банк сунуштаган пайыз ошончолук жогору болот.
Биз күн сайын өнүмдөрүбүз, кызматтарыбыз, транспортторубуз үчүн төлөйбүз. Муну накталай акча менен жасоо дайыма ыңгайлуу жана коопсузбу? Күнүмдүк чыгашаларды, айлык акыларды жана башка кирешелерди алуу үчүн ишенимдүү жана текшерилген финансылык инструмент - дебеттик карта бар.
Эгерде сиз айлыкдан айлыкка чейин жашасаңыз жана үнөмдөй турган эч нерсеңиз жок экенине ишенсеңиз, анда бул макаланы окуп чыгыңыз жана акчаңызды үнөмдөө мүмкүнчүлүгү бар экенине ынаныңыз. Сиз жөн гана жеке бюджетиңизди кантип башкарууну үйрөнүү үчүн биринчи кадамды жасашыңыз керек.
Чет мамлекетте иштей баштаганда анын мыйзамдарын бузбай жатканыңызды билүү маанилүү. Россияда мыйзамдуу иштөө үчүн өзүн-өзү иш менен камсыз кылуучу статусун алуу жетиштүү. Бул эмне жана чет элдик жаранга эмне үчүн керектиги макалада баяндалат.
Котормолор биздин кардарлар тарабынан эң көп колдонулган кызмат. Кээ бирөөлөр үй-бүлөсүнө жана досторуна колдоо көрсөтүү же белек берүү үчүн акча жөнөтүшөт. Кимдир бирөө муну жума сайын, бирөө жылына бир жолу жасайт, бирок акчанын тез жана көздөгөн жерине жетээрине ишенүү ар бир адам үчүн маанилүү.
Россия, Москва, 117997, ул. Вавилова, 19
© 1997—2025 ПАО Сбербанк
Генеральная лицензия на осуществление банковских операций от 11 августа 2015 года. Регистрационный номер — 1481.
www.sberbank.ru