Ошондой эле пайыздарды капиталдаштыруу аркылуу аманаттар боюнча кирешени кѳбѳйтүүгѳ болот. Аманат боюнча пайыздарды аманаттын ѳзүнѳ которуу мүмкүндүгүн пайыздарды капиталдаштыруу деп аташат. Ошентип, пайыздардын эсебинен аманаттын суммасы, жана аны менен бирге жыйынтык киреше да улам ѳсүп турат.
Тактап айтканда, аманатка 1 000 000 рублди 4,5% менен салып, бир жылдан кийин сиз 1 045 000 рубль аласыз, сиздин кирешеңиз 45 000 сомду түзѳт.
Мисалы, эгер сиз ар айлык капиталдаштыруу мүмкүнчүлүгү менен, 4,5 % дан 1 000 000 рубль суммасында жылдык аманат ачсаңыз, анда ар бир ай сайын аманаттагы сумма 0,375%га кѳбѳйѳ берет (жылдык 4,5%ды биз 12 айга бѳлдүк).
Биринчи айда аманаттын суммасы 3750 рублге кѳбѳйѳт. Бир айдан кийин пайыздар 1 003 750 рублге кошуп эсептелет, ал дагы 3 764 рублга кѳбѳйѳт. Жыйынтыгында бир жылдан киийн сиз 1 045 939, 83 рубль топтоп аласыз. Аманат боюнча киреше 45 939,83 рубль болот.
Эгер келишим депозиттин суммасын толтуруу мүмкүндүгүн караса, анда сиздин киреше акча аманатанын чоңоюшуна жараша ѳсѳт.
Айрым учурларда банктар промо аманат ачууну сунушташат. Алар жагымдуу коюму менен айырмаланып турушат, аларды негизинен, толтуруп турууга жана жарым-жартылай чыгарып алууга мүмкүнчүлүксүз, кыска мѳѳнѳткѳ ачууга болот. Мындай аманатты тариздѳѳ сунушу чектелген убакыт гана иштейт – банкыңыздан келүүчү ушундай сунуштарга кѳзѳмѳл кылыңыз. Промо аманат ачуудан мурун, банктын ишенимдүү экенине ынаныңыз – жок дегенде, лицензиясын текшериңиз.
Айрым Банктар аманатты финансылык башка ѳнүмдѳр менен алмаштырууну сунуштаган учурлар болот. Мисалы, ѳмүрдү инвестициялык камсыздандыруу (ѲИК) полистери, ПИФ пайлары, баалуу кагаздарга инвестициялар, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу (ММК) менен. Мындай сунуштар ѳтѳ жогору кирешени алып келиши мүмкүн, бирок ага кепилдик жок. Бул аманат эмес, ошондуктан күтүлүүчү кирешени албай калуу тобокелдиги бар.
Банктын кызматкерлери комбинирленген вариантты да сунушташы мүмкүн: акчанын жарымы депозитке салынып, калган бѳлүгү – башка инструменттерге инвестиияланат. Мындай вариант кардарды финансылык ири жоготуулардан коргоп турат. Депозит сизге туруктуу белгилүү бир киреше алып келип турса, ал эми башка инструменттерге аманаттар кѳбүрѳѳк иштеп тапканга мүмкүндүк берет. Мында инвестициялардан киреше кепилденген болуп саналбайт.
«Тепкич» пайыздар менен аманаттар бар. Мындай аманаттардын мѳѳнѳтү, негизинен, бир нече мѳѳнѳткѳ бѳлүнгѳн, жана пайыздык коюм да мѳѳнѳттѳн мѳѳнѳткѳ карай ѳзгѳрүп турат. Мында жарнамада эң бийик пайызы гана жарыяланышы мүмкүн. Мисалы, биринчи 3 айда – коюм 3%, андан кийинки үч айда – 4%, андана ары – 9 %дан. Бул болсо орточо пайыз айларга бѳлүп эсептеп чыкканда тѳмѳн болгонуна карабай, 9% коюм менен аманаттарды жарнамалаганга мүмкүндүк берет.
Аманатта болгон минималдык же орточо суммага жараша пайыздарды кошуп эсептѳѳнүн ѳзгѳчѳ шарттары кездешиши мүмкүн.
Мисалы, 4% аманатта - 100 000 рублге чейин болсо, жана 6% - 100 000 рублден жогору болсо. Ошентип, жылдык аманатта 11 ай бою 101 000 рубль жаткан болсо, ал эми 12 айда 99 000 болуп калса, аманат боюнча орточо айлык калдыкка (11 * 101 + 1 * 99) / 12 = 100,8 гана кошуп эсептелет 4%.
Ошондуктан пайыздарды кошуп эсептѳѳнүн эрежелерин кунт коюп окуп чыгыңыздар.
Алгач Сиз аманаттар боюнча кирешелүүлүктүн базалык деңгээли менен коюмду Борбордук банктын сайтындагы аманаттар боюнча салыштыра аласыз. Эгер коюмдар бир топ жогору болсо, келишимдин шарттарын кунт коюп окуп чыгыңыз. Маанилүү бир нече учурду текшериңиз.
Жогорулатылган коюмдар кошумча ѳнүмдѳрдү бир маалда тариздѳѳнүн шартында кошуп эсептелиши мүмкүн. Алсак, бийик коюм алуу үчүн сизге картаны же тейлѳѳ пакетин тариздѳѳнү сунушташы мүмкүн.
Балким, жарнамада каражаттарды капиталдаштырууну эске алуу менен киреше кѳрсѳтүлгѳн. Эгер сиз пайыздарды ай сайын чыгарып алгыңыз келсе, киреше аз болуп калат.
Жогорку пайыз белгиленген айдан гана баштап эсептелиши мүмкүн, бул жыйынтык кирешенин суммасын азайтат.
Айрым банктарда ага жогорулатылган пайыздар кошуп эсептеле турган аманаттын суммасы боюнча чектѳѳлѳр бар.
Вам понравилась статья?
В избранное
Россия, Москва, 117997, ул. Вавилова, 19
© 1997—2025 ПАО Сбербанк
Генеральная лицензия на осуществление банковских операций от 11 августа 2015 года. Регистрационный номер — 1481.
www.sberbank.ru