
12.08.25
7 мин

Банктык картанын компрометациясы аны блоктоо үчүн негиз болушу мүмкүн.

Блоктоонун так себебин билүү үчүн банктын техникалык жардамына жазууга, расмий сайтта көрсөтүлгөн телефон боюнча чалууга же мобилдик тиркемедеги операторго суроо менен кайрылууга болот.
Картаны 115-ФЗ боюнча блоктоо – бул банктын өз билемдиги эмес, бул шектүү финансылык операцияларды аныктоо үчүн Борбордук банк тарабынан белгиленген эрежелердин иштеши.
Картаны блоктоо банк кардарды мыйзамсыз финансылык операцияларды – мисалы, кылмыштуу жол менен алынган акчаларды адалдоону жүргүзгөндүгүнө шектенген учурда да болушу мүмкүн. «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана террорчулукту каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Федералдык 115-ФЗ мыйзамына ылайык, банктар кардарлардын бардык операцияларын текшерүүсү жана шектүү – мисалы, накталай эмес акчаларды накталайга мыйзамсыз которууга же акчаларды чек арадан сырткары мыйзамсыз чыгарууга окшош операцияларды аныктоосу керек.
Эгер кардар экономикалык мааниге ээ эмес акчалай операция жүргүзсө: мисалы, товарды сатып алып, аны арзандатуу менен тез сатса, банк аны шектүү деп эсептейт. Ошондой эле, эгер кардар жеке жактардын эсебине акчаларды жүйөлүү негизсиз дайыма которо берсе жана каражаттарды дайыма накталайга айланта берсе.
Компаниянын ишинин негизги түрү үчүн мүнөздүү болбогон операциялар, ошондой эле аны салык декларациялары менен тастыктоого мүмкүн болгон товарды ташып келбестен резидент эмеске акча которуу да ушу категорияга туура келет.
Аны менен бирге банктар экстремисттик ишке же террорчулукка катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эсептерин блоктоого, жана 115-ФЗ бузулгандыгы жөнүндө Росфинмониторингге билдирүүгө милдеттүү. Бул ведомстовлор аралык орган мыйзам бузуучулардын тизмесин түзөт, жана кийин алар менен бир да банк иштебейт.
Алсак, операцияларыңыздын легалдуулугу боюнча банктын шектенүүлөрүнө сиз макул эмессиз. Финансылык уюм сизден ал эсептеги акчалардын кайдан алынгандыгы жана операциялардын негизи жөнүндө маалымат сурай алат. Банк менен кызматташыңыз: ал кызыкдар болгон маалыматтарды белгиленген дарекке өз мөөнөтүндө жибериңиз. Иштин натыйжасы өзүңүзгө пайдалуу болушу үчүн өз кадамыңызды так баяндаңыз.
Алардын ичинен:

Акыркы пунктка токтолуп, чечмелейли, киреше булагына жараша ар бир учур үчүн кайсы документтер керек.
Эгер варианттардын бири да сизге туура келбесе, түшүндүрмөнү эркин формада жөнөнтүүгө болот. Кирешени кандай, кайсы булактан алганыңызды тастыктоочу документтер менен көрсөтүңүз. Тастыктоочу документтер жок болсо, себебин белгилеңиз.
Карталар жана эсептер менен алдамчылык аракеттер жөнүндө маалымат ББнын атайын базасына түшүп турат – укук коргоочулар менен финансылык уюмдар бул маалыматты пайдаланып, аларды толуктап тура алышат.
Эгер кардарды Россия Банкынын алдамчылык операциялар жөнүндө маалыматтар базасына киргизсе, анда 2025-жылдын 15-майынан тартып ага чектөө киргизилет – өзүнө же башка адамдарга бир айда 100 миң рубль гана которо алат.
Маанилүү: алдамчы операциялар жөнүндө маалымат ББнын базасына укук коргоочулардан түшсө, анда банк кардардын картасын жана онлайн-банкка жеткиликтүүлүгүн блоктоого милдеттүү.

Сумма дропперлик менен алектенүүгө – мыйзамсыз акчаларды чыгарууга жана накталайга алмаштырууга мүмкүндүк бербейт. Ошол эле маалда бул каражат жашоого маанилүү сатып алууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүүгө жетиштүү.
Юридикалык жактардын дарегине төлөмдөргө бул чектөө колдонулбайт. Тактап айтканда, алдамчы операциялар жөнүндө маалымат базасындагы адам картасын колдонуп онлайн-дүкөндөрдө жана маркетплейстерде сатып ала берет.
#по закону
#новости
В избранное
Комментариев пока нет
На прошлой неделе российский рынок акций консолидировался. Половина бумаг из индекса МосБиржи показали положительную доходность. В лидерах роста — акции Яндекса – инвесторы ожидают появления возможных новостей о редомициляции, в отстающих оказались депозитарные расписки QIWI на фоне корпоративных новостей.

Текущие трубы, отсутствие электричества в течение долгого времени, странные начисления в квитанциях — список жалоб в сфере ЖКХ многогранен и бесконечен. Зачастую жильцы и управляющая компания по-разному смотрят на качество предоставляемых услуг. Рассказываем, на что имеет право жилец многоквартирного дома.

Россия, Москва, 117997, ул. Вавилова, 19
© 1997—2025 ПАО Сбербанк
Генеральная лицензия на осуществление банковских операций от 11 августа 2015 года. Регистрационный номер — 1481.
www.sberbank.ruНа этом сайте используются Cookies.
Подробнее
Вам понравилась статья?
0 / 2000